Menu

Фото – Аскар Акаевдин Москвадагы “Галерея художника” ресторанында өткөн 75 жылдык тоюна кимдер барды?

Бөлүшүү:

Академик Аскар Акаев, Кыргыз Республикасынын туңгуч президенти…

Мына бул сөздөр Аскар Акаевге түбөлүккө наам катары энчиленип гана берилбестен, өзүнө куп жарашкан даража катары кабыл алсак болот. Бул ысым тууралуу тарых өзүнүн баасын эбак эле аныктап койгон. Андыктан, Аскар Акаев тууралуу ашыкча мүнөздөмө жазуунун деле зарылдыгы жок деп ойлойм. Ал тааныштырууга, таанытууга жана кандайдыр бир мактоолорго муктаж эмес. Анын оппоненттери канчалык баткак чаптоого аракет кылышпасын, анын артында калтырып койгон изи бар.

2005-жылдан бери Москва шаарында жашап, Эл аралык илимий чөйрөдө жаңы инно- вациялык аракеттери жана ачылыштары менен татыктуу эмгек өтөп келе жаткан туңгуч президентибиз Аскар Акаев 2019-жылдын 10-ноябрында 75 жашка толду. Юбилейди кеңири чөйрөдө белгилөө тууралуу бир канча сунуштар түшкөн. Юбилярдын урматы- на илимий конференция уюштуруп, доклад окуп берүүнү өтүнгөн көптөгөн окуу жайлар бар. Алардын арасында АКШ жана Кытайдагы, Германиядагы абройлуу, дүйнөлүк рейтингде алдыңкы орунга ээ болгон бир катар окуу жайлар сунуш беришкен. Алардын ичинен Академик Кытай Эл Республикасынын Шанхай шаарындагы Цзяотун университетин, Чыгыш Кытай педагогикалык университетин жана Шанхай университетин тандап алып, лекция окууга макул болгондуктан, ноябрь айы абдан жемиштүү илимий сапарларга арналды.

Ошондон улам, Аскар Акаевдин 75 жылдык мааракеси 28-декабрга туш келди.

Негизи Кыргызстандагы саясий элита үчүн болуп жүргөн көнүмүш мааракедей көрүнгөнү менен, аныгында чыныгы жан дүйнөнүн майрамы болду. Ар кыл чөйрөдөгү Аскар Акаевдин санаалаштары, достору, кесиптештери, илимий чөйрөдөгү инсандар, саясый жана Москвадагы кыргыз диаспорасынын коомдук ишмерлери, маданият өкүлдөрү, деги койчу, жан дүйнөнү балкыткан, адам аттууну руханий гармонияга жетелеген бир сонун кече болду.

Адатта биз, кыргыздар мындай иш-чарада кайсы аттуу- баштуу инсандар келгенине,
эмне деп сүйлөгөнүнө кызыгат эмеспизби. А бул жерде баары аралаш болду. Кыргызстандын сот тармагында кєп жыл иштеп, адам тагдырын чечкен белгилүү юристтен тартып, жан дүйнөсү ырга толгон, көөдөнүн көркөмдүк уялаган опера ырчыларына чейин катышты. Эң негизгиси, юбилярга арналган чыгармалар, каалоо тилектер чын жүрөктөн чыгып жатты. Бир кезде Эгемен өлкөнү башкарып турганда дагы жан дүйнөсү алып учуп, кайсы бир маданият адамдары менен кездешкен иш-чараларда өзүнүн статусуна карабай, ар бир чыгармачыл инсанга кичи пейил мамиле кылып жүргөн инсан бүгүнкү иш чарада дагы андан бетер эргип, чогуу ырдап, вальс бийлеп, чындыгында баарыбыздын көңүл борбору- бузда болду.

Мааракенин катышуучулары үчүн чыныгы жан дүйнө майрамын тартуулаган жай да өзгөчө жай болду. Белгилүү скульптор-сүрөтчү, СССРдин жана Россиянын бир катар даңктуу сыйлыктарынын ээси, Аскар Акаевдин жакын досу Зураб Церетелинин көркөм сүрөт галереясына кирген адам өзү башка дүйнөгө жетеленери анык.

Кечени көркүнө чыгарган алгачкы бөлүк музейдин концерт залында Россиянын белгилүү музыка чеберлеринин коштоосунда башталды.

Атактуу пианист Луганский Николай Львович, Мариинск театрынын солисти, Башкортостандын Эл артисти Аскар Абдразаков, жаш скрипач, Россиянын Эмгек сиңирген артисти Никита Борисоглебский абдан сонун өнөр тартуулашты. Ал эми белгилүү опера ырчысы, Чайковский атындагы сыйлыкты багындырган Елена Гусеванын аткаруусундагы жандуу үн залдагылардын дуулдаган овациясын багындырды. Белгилүү прима солист Николай Ерохин дүйнөлүк бир нече классикалык чыгармалардан тышкары атайын Аскар Акаевичке арналган чыгармасын аткарып, юбилярдын туулган күнүнө шампан менен тост көтөрдү. Белгилүү опера ырчысы Алмаз Истамбаев дагы жагымдуу чыгармаларын аткарды.

Экинчи бөлүк Церетелинин музейинин бир бөлүгү болгон “Галерея художника” ресторанында уланып, ал жерден атактуулардын атактуулары чын жүрөктөн чыккан каалоолорун юбилей ээсине арнашты.
Кечени Россия илимдер академиясынын академиги, Башкортостан илимдер академиясынын мурдагы президенти, белгилүү окумуштуу Роберт Нигматуллин алып барды. Коноктордун баарын санаганга гезит бети жетпей калышы мүмкүн. Атактуулары Москва мамлекеттик университетинин ректору, айтылуу Виктор Садовничий, МГУнун Экономика жогорку мектебинин директору Никипелов Александр Дмитриевич, Россиянын илим тармагына эмгек сиўирген ишмер Наби Зиядуллаев, Ельцин доорунда Россиянын вице-премьер-министри кызматын аркалаган Сосковец Олег Николаевич, РАН Экономика институтунун илимий жетекчиси Гринберг Руслан Семенович, Эл аралык тилдер университетинин ректору Ибрагим Арсанов, КР Жогорку Сотунун мурдагы төрагасы, белгилүү юрист Курманбек Осмонов, Чечен Республикасынын Жогорку Сотунун мурдагы төрагасы Абдрахман Жабраилов, экс премьер-министр Кубанычбек Жумалиев ж. б. катышты.
Россиядагы кыргыз диаспорасынын жетекчилери жакшы каалоо тилектерин арнашып, той ээсине суусар тебетей кийгизип, чапан жабышты. Белгилүү укук коргоочу Токтайым Үмөталиева эжекебиз отургандардын оозун ачырып, Кыргыз Республикасынын гимнин ырдап, Эгемен Кыргызстандын туңгуч президентинин негизги эмгектерин белгилеп, Кыргызстандан ала келген балды кашык менен ооз тийгизди.

Ырдашты, бийлешти, тура калып кол чабышты. Эч ким эч кимди көзүнүн кыйыгы менен тиктеп, көйнөгүнө сын таккан жок. Ким канча кошумча алып келгенин санашкан жок. Чыныгы майрамдык кече болду.
Алыскы Америкадан узак жол басып келгендерден экөө экенбиз. Бирөөсү белгилүү гитарист, Кыргызстандын мурдагы маданият министри, маркум Даниял Назарматовдун кызы Жамиля Назарматова жана экинчиси ушул макала-баяндын ээси болду. Эми алыска сапар тартканда мындай сонун күндөрдү далайга эстейбиз, эңсейбиз.
Туулган күнүңүз менен урматтуу Аскар Акаевич!

Өмүрүңүз узун болсун!

Адилет АЙТИКЕЕВ,

Эмиграциядагы журналист, АКШда жашайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: