Menu

Видео – Президенттин Аппаратынын бөлүм башчысы Данияр Иманалиев: Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү боюнча артыкчылык мындан кийинки жылдарда да сакталат

Бөлүшүү:

«Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү боюнча артыкчылык мындан кийинки жылдарда да сакталат, анткени бул узак мөөнөттүү жана ырааттуу процесс болуп саналат», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев Президент Сооронбай Жээнбековдун 2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгына комментарий берип жатып.

Ал өлкөнүн региондорун өнүктүрүү боюнча милдеттер Мамлекет башчысы тарабынан бир нече жолу айтылганын эске салды.

«Региондордун потенциалын жана алардын инфраструктурасын өнүктүрүү, жер-жерлерде сапаттуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча комплекстүү жана системалуу иштер жасалышы керек», — деп белгиледи Данияр Иманалиев.

Ал санариптештирүү боюнча кээ бир долбоорлорду ишке ашыруу үстүбүздөгү жылы да улантыларын баса белгиледи.

«Бүгүнү күндө бардык мамлекеттик органдар ведомстволор аралык „Түндүк“ электрондук өз ара аракеттенүү тутумуна кошулган. Жеке структураларды кошулуу активдүү жүрүүдө. 25тен ашуун коммерциялык банктардын ичинен 16 банк бул тутумга кошулган жана маалыматтар менен алмашуу жүрө баштады», — деп белгиледи Данияр Иманалиев.

Президенттин Аппаратынын бөлүм башчысы ошондой эле кийинки этапта жеке секторлордун жана өлкө жарандарынын санариптештирүү процессине активдүү катышууларын талап кылган долбоорлор да бар экенин кошумчалады.

«Иштелип чыккан жана ишке киргизилген санариптик аракеттенишүүнүн механизмдери ошондой эле санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүнү талап кылат. Жаңы инновациялык технологиялардын колдонуучусу болуш үчүн мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү өздөрү маалыматтык технологияларды колдоно билиши керек. Санарип технологиялардын экономикага жана социалдык тармакта тереңирээк кириши үчүн биз ошондой эле калктын арасында санарип сабаттуулугун жогорулатышыбыз керек. Бул талаптарга ылайык аталган Жарлыкта санарип сабаттуулугунун потенциалын жогорулатууга багытталган бир катар иш-чаралар каралган», — деп баса белгиледи ал.

Данияр Иманалиев Кыргызстан узак мөөнөттүү келечекте инновацияга жана билимге негизделген өнүккөн маалыматтык коомдун өлкөсү болууну милдет катары коерун белгиледи.

Мындан тышкары, жаш муунду бүгүнкү өзгөрүп турган дүйнөнүн реалдуулугуна жана санариптештирилген келечекке даярдоону негизги багыт катары атады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: