Бүгүн, 8-январда Сирия, Ирактагы качкындар лагеринде жүргөн небере жана кыздардын энелери Акыйкатчы Токон Мамытовго кайрылышты. Бул тууралуу Акыйкатчынын аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Акыйкатчыга кайрылган энелер балдарын Кыргызстанга кайтарууну өтүнүп, президент менен жолугушуу уюштуруп берүүнү суранышкан. Энелердин айрымдары кыздары жана неберелери Кыргызстанга кайтып келгенге чейин Ак үй алдына митингге чыгууга даяр экенин билдиришкен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ