Бүгүн, 8-январда Таластын Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылына жакын токойдо милициянын отставкадагы майору С.О. кыргоол атып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар департаментинин басма сөз кызматы журналисттерге билдирди.
Алардын маалыматына караганда, кармалган майордун жанынан бир кыргоол, мылтык, дүрбү, бир октун ташы, атыла элек 31 ок-дары табылган. Учурда кыргоолдор жердеген аймактар коргоого алынып, аларды атууга тыюу салынган. Мыйзам боюнча, атылган ар бир кыргоолго 6 миң сомдон айып пул салынат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ