Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде эле 310 бейтап кайрылды, алардын ичинен 253ү жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 9-январда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, кайрылгандардын 80и ооруканага жаткырылган. Алар курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары жана вирустук инфекциялар менен кайрылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ