Menu

Кыздары менен неберелери Сирияда калган энелер «митингге чыгабыз» деп коркутуп киришти

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытовго Сирия менен Ирактын качкындар лагеринде калган кыздары менен неберелерине тынчсызданган энелер кайрылышкан. Алар Т.Мамытовдон президент жана премьер-министр менен жолуктурууну суранып жатышат. Жакынкы арада балдарын мекенине кайтаруу боюнча так жооп берилбесе, митингге чыгышарын айтышкан.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын январында мекемелер аралык атайын жумушчу топ түзүлгөн. Ал эми качкындардын лагеринде жаткан мекендештерибизди кайтаруу үчүн ишти Кыргызстандын улуттук коопсуздук органы алып барып келет.

Атайын кызмат негизинен алардын террористтик ишмердүүлүккө тиешеси бар же жок экендигин аныктоо менен алек. Көпчүлүгүнүн кичинекей балдары бар. Мекенине кайтаруу үчүн ата-энелеринин макулдугу зарыл, бардык текшерүүлөр бүткөнчө, алар качкындар лагеринен чыга алышпайт. Эгерде терроричттик уюмга тиешелери болсо, ата-эне балдарына болгон укугунан ажырайт.

Белгилей кетсек, азыркы тапта Сирия менен Ирак Күрдүстанында кыргызстандык 400 жаш келиндер менен кичинекей балдар бар.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: