Иранда кулаган украиналык учактын урандыларынын арасынан студенттин жазган каты табылды. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты Mash Telegram-каналына шилтеме кылып жазып чыкты.
Анда студент кудайдан экзаменди ийгиликтүү тапшырууга жардам сураган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгондордун көпчүлүгү Канададан келген студенттер болгон. Алар украиналык авиалинияларды билет баасынын арзандыгына байланыштуу көп колдонушкан. Кечээ эртең менен алар Рождество майрамынан кийинки эс алуудан соң окууга кайтып келе жатышкан.
Учак кырсыгынан Иран, Украина, Канада, Германия, Улуу Британия, Швеция жана Афганистандын жарандары каза болгондугу маалым болгон.
Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 8-январь күнү Иранда Boeing 737 украиналык учак кулаган. Алдын ала маалыматтар боюнча учактын кулашына техникалык кемчиликтер себеп болгон. Учак кырсыгынан бир дагы жүргүнчү аман калган эмес.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ