Menu

Токтогул ГЭСин оңдоп-түздөө Бишкек ЖЭБин модернизациялоо сыяктуу болуп калышы толук мүмкүн

Бөлүшүү:

Коррупция менен күрөшүү боюнча “Таза Кол” фондунун иликтөөсү

Балким, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодон да көп каражат талап кылган, ары опурталдуу, ары ызы-чуулуу кезектеги долбоор алдыбызда күтүп тургандай. 2012-жылдын июнунда Азиялык өнүктүрүү банкынын директорлор кеңеши Токтогул ГЭСинин жабдыктарын жаңылоо үчүн 55 млн АКШ долларын бөлүү жөнүндө чечим кабыл алган.

“Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКсынын башкарма төрагасы Айтмамат Назаров Азиялык өнүктүрүү банкынын колдоосу менен экинчи баскычтагы электрдик жана механикалык жабдыктар алмаштырылганын жар салган.

“Жаңы жабдыктарга 500 кВт төрт чубалгы, 500 кВттык төрт күчөтүлгөн трансформатор, генераторлорду автоматтык түрдө өчүргөн өчүргүчтөр, кошумча трансформаторлор, 0,4-6 кВттык жабык бөлүштүрүү жабдыгы, 500 кВт ОРУ реконструкциясы кирет”, – деп Айтмамат Назаров билдирген.

Мамлекет башчыбыз Сооронбай Жээнбеков долбоордун алгачкы баскычына 55 млн доллар бөлгөнү үчүн Азиялык өнүктүрүү банкына ыраазычылыгын билдирген.

Токтогул ГЭСин оңдоп-түзөөдөгү экинчи баскычына Азиялык өнүктүрүү банкы менен Евразиялык өнүктүрүү банкы жалпы жонунан 210 млн доллар бөлүп, ага ылайык, буга эки гидроагрегат (№2 жана №4) жана станциянын жапмаларын оңдоо кирет.

Үчүнчү акыркы баскычында Токтогул ГЭСине Азиялык өнүктүрүү банкы менен Евразиялык өнүктүрүү банкы 150 млн доллар бөлүп, станциянын калган эки турбоагрегатын (№1 жана №3) оңдоп-түзөө каралган. 

Ошондо Азиялык өнүктүрүү банкы менен Евразиялык өнүктүрүү банкынын Токтогул ГЭСин реконструкциялоонун үч баскычына берген кредити менен гранттарынын жалпы суммасы  415 млн долларды түзөт.                  

2019-жылдын 26-декабрында ЖКнын төрагасы Дастан Жумабеков (“Кыргызстан”) парламент жыйынында Бишкекте 2019-жылдын 1-ноябрында кол коюлган, КР менен Азиялык өнүктүрүү банкынын ортосундагы (“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору) кредиттик келишимди ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда, Энергетика тармагындагы башчыларга “Токтогул ГЭСин реконструкциялоо боюнча 415 млн долларга долбоорду иштеп чыгыпсыңар, иш аткарылдыбы же 172 млн долларлык иш бүттүбү?” деген суроо берген эле.

Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамкомитетинин башчысынын орун басары Айтмамат Кадырбаев: “Кредит 2013-жылы Токтогул ГЭси үчүн алынган, ал үч баскычтан турат, жалпы сумма – 415 млн доллар. Ал аталган ГЭСке 172 млн доллар коротулду. Үнөмдөлгөн 100 млн долларды Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоого пайдаланышыбыз керек. Бүгүн каралып жаткан мыйзам долбоору – каражаттардын үнөмдөө менен ачык иштин натыйжасы”, – деп жооп берген. Ошондо  спикер энергетика тармагын текшерген депутаттык комиссия менен укук коргоо органдарына протоколдук тапшырма берип, долбоор түзгөндө 415 млн доллар кандайча келип чыкканын, а чындыгында 172 млн доллар гана корогонун келтирген.

“Силер ири суммадагы акча каражаттары үнөмдөлгөн мыйзам долбоорун алып келип олтурасыңар. Мунуңар кандай ой, кандай максат менен иштелип чыккан? Же ишти аягына чейин чыгарбай туруп, кайдагы үнөмдөөнү айтып, же туура эмес маалымат берип жатасыңар, же Бишкек ЖЭБи сыяктуу каражаттарды жеп-ичип койгонсуңарбы? Бизде так толук маалымат бергилечи?” – деген эле спикер Дастан Жумабеков.                                                             

ЖКнын төрагасы кредиттен канча сумма бөлүнүп жатканын сураганда, Айтмамат Кадырбаев 172 млн доллар гана өздөштүрүлгөнүн айткан.

26-декабрда парламенттин вице-спикери Мирлан Бакиров (“Өнүгүү-Прогресс”) жыйында Токтогул ГЭСин оңдоп-түзөө боюнча келишим кандай ыкмада түзүлгөнүн сурады.

Энергетика комитетинин башчысынын орун басары А.Кадырбаев келишим ЕРС ыкмасы менен  түзүлгөнүн айткан.

“Бишкек ЖЭБиндеги келишим да ЕРС ыкмасы менен түзүлгөн. Төрага туура суроо берди, эгерде комиссия толук иштесе, көп маселелер чыгат. ЕРСде ТЭН (техникалык-экономикалык негиздөө) болду беле же жокпу? ТЕН болгон эмес да, Айтмамат Тентибаевич?! – деген эле Мирлан Бакиров. А.Кадырбаев болсо, ТЭН болгонун, тендерлер экспертизанын негизинде жүргөнүн айткан.

“Айтылгандардын бардыгы стенограммага жазылып жатат. Комитетте айтылган экспертиза болгон эмес деп, ТЭН боюнча толук маалымат берилгени эмес… ошондуктан келечекте ар бир сөзүңөр үчүн жооп бересиңер”, – деген эле вице-спикер. Ал эми энерхолдингдин төрагасы Айтмамат Назаров: “Бишкек ЖЭБинде тендер болбой эле,түз эле тандалган. А Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтери боюнча тендердин негизинде болду. Токтогул ГЭСин боюнча 415 млн долларга ТЭН түзүлгөн, ал эми азыр 172 млн долларга реконструкция жүрүүдө”- деген.

Мирлан Бакиров ТЭН менен экспертизаны ким өткөргөнүнө кызыкты эле, А.Назаров “Трактебель” компания экенин жооп берген.

“Байкадыңарбы, кеп 243 млн сом жөнүндө эмес, 243 млн доллар жөнүндө сөз болуп жатат. Тигил компаниябы, мунусубу, сүйлөшүп алганыңар көрүнүп турат. Кантип 70 млн, 60 млнго жаңылып каласыңар? Урматтуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү, бул маселени карап чыкпасак болбойт”, – деп вице-спикер жыйынтык чыгарган.

2000-жылдардын башында бельгиялык жана швейцариялык полиция “Трактебель” компаниясынын менеджелерине жана үч казак ишкерге – Шодиевге, Ибрагимовго жана Машкевичке каршы тергөө амалдарын жүргүзгөн.

“Ле Суар” гезити сенсациялуу маалымат жарыялаган, анда Бельгиянын королдук жандермериясы Швейцариянын прокуратурасы менен биргеликте “Трактебель” компаниясы Казакстандагы газ түтүк түйүндөрүн компаниянын башкармалыгына өткөрүп берүү үчүн Казакстандын аты аталбаган жетекчилерине 50 млн доллар пара берилгенин аныкталганы айтылат. Ошондо “Тратабелдин” өкүлү айыпты мойнуна алып, компания тергөө менен толук кызматташууга даяр экендигин билдирген.

50 млн долларлык параны “Трактабель” 1997-жылдын августунда Бельгияда жашоого уруксаты бар, Казакстандагы көптөгөн ишканалар менен банктарды көзөмөлдөгөн үч бизнесменге беришкен. Бул төлөмдүн максаты – Казакстандагы газ түтүк түйүндөрүнө ээлик кылуу үчүн “консультациялык тейлөөгө” деп көрсөтүлгөн. Көрүнүп тургандай, бул ортомчу-бизнесмендер ал каражаттын бир бөлүгүн Казакстандын мамлкеттик аткаминерлерине беришкен окшобойбу, анткени алар чындап эле ушундай чечим кабыл алышкан. Бизнесмендерге салык төлөбөгөнү үчүн жана акча жегендери боюнча айып коюлган.

Эл аралык пресса белгиялык ызы-чууну жула качып, “казакгейт” аташкан эле. Кийин француздук “Суэц-Лион” каржы консорциумуна тиешелүү болуп калган бельгиялык энергетикалык компания азиялык региондо иш алып барган вице-президенти Николас Атериносту кызматынан алып салган. Фирманын жаңы жетекчилиги 50 млн доллардын дагы бир бөлүгү компаниянын менеджерлерине берилгенин да четке кагышпайт.

“Трактабель” компаниясынын менеджерлери менен казак ишкерлерден тышкары бул ызы-чууга казак жетекчилиги менен көз кызышкан байланышы бар, келишимди түртмөлөгөн бельгиялык ири саясатчылар аралашып калышы да толук мүмкүн.

“Ле Суар” гезитинин маалыматына ылайык, Казакстандын үч бизнесменине карата башка дагы эл аралык кылмыш иштери козголгон. Бир кылмыш иши Бельгияда ачылып, анда казак жетекчилиги жеген акчаларды чыгарган фонддорду түзүү менен байланыштуу. Экинчи кылмыш иши Швейцарияда ачылган, анда TWG компаниясынын демилгеси менен аталган бизнесмендер TWG компаниясына тиешелүү менчиктерге ээ болуп калышкан.

“Казакгейттин” жаңырыгы АКШда дагы жаңырды. Бельгиялык гезит үч бизнесмендин ысымдарын атап, алар Казакстандын жетекчилигине пара берүүдө ортомчу болгондору айтылат.

2010-жылы – жаңы европалык казакгейт башталат. Башкы каармандары бельгиялык жана израилдик жарандыгы бар казак олигархтары болуп чыгат.

Ызы-чуунун өзөгү – эки мамлекеттин президенттери үчүнчү өлкөдө соттоло турган жаранды куткаруу эле. Эки мамлекет – Казакстан менен Франция, үчүнчүсү – Бельгия. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин максаты француз коллегасы Николя Саркози менен биргеликте Бельгияда соттолуп жаткан Патох Шодиевди соттон куткарып чыгаруу болгон. Франциялык жана бельгиялык ММКлардын маалыматтарына ылайык, Назарбаев ал үчүн Францияга 40 тик учак алып берүүнү убада кылган имиш.

Ошондо эле бул окуя “коррупция жөнүндө” кинотасмалардын сценарийине союп каптагандай окшошуп калганын караңыз.

Бирок чындык андан да катуу. Бардык европалык ММКларга жарыяланган тергөө амалдары билдиргендей, Николя Саркози казак бизнесмендери менен биргеликте Бельгиянын кылмыш кодексине өзгөртүү киргизүүгө аракет кыла баштайт, ал өзгөрүүлөргө ылайык, эгерде айыпталган тарап прокуратура менен бир пикирге келе алса, кылмыш иши ошол замат токтошу керек болот. Журналисттердин пикиринде, бул өзгөрүүлөрдү максаты бирөө эле болгон – 1990-жылдардын башында бельгиялык “Трактабель” корпорациясы казак рыногуна кирүү аракетинде берген пара боюнча кылмыш иштерди токтотуу эле.

2014-жылдын 25-декабрында Бишкекке расмий сапары менен француздук Tractebel Engineering инжиринг компаниясынын вице-президенти Мишель Том-Буил келет. “Анын максаты – Кыргызстандагы инвестициялык климатты изилдөө болгон. Вице-премьер-министр Валерий Диль бизнес жүргүзүүдөгү гидроэнергетикадагы, салыктагы жана башка шарттардын долбоорлорун көрсөтүп берди”, – деп өкмөт апппартынын маалыматтык саясат бөлүмү КирТАГга билдирген.

Анда бир катар ММКлар “Казакстанды ызы-чуу менен таштаган Tractebel Engineering француз компаниясы эми Кыргызстандагы долбоорлорго көз арта баштады” деп жазып чыгышкан.

Tractebel Engineering компаниясы Камбар-Ата ГЭС-1 курулуш долбоорунун техникалык-экономикалык негизин (ТЭНди) иштеп чыгуу конкурсуна катышкан, бирок долбоор башка эл аралык компанияга берилген. Кыргызстандын энергетика тармагындагы жетекчилердин айткандарына ылайык, дал ушул француз-бельгиялык Tractebel Engineering компаниясы Токтогул ГЭСин үч баскычта, 415 млн долларга оңдоп-түзөөнүн ТЭНин карап, бекитип берип олтурат.

Техникалык-экономикалык негиз (ТЭН) – бул алдын-ала каралган болжолдуу эсеп-кысап. Токтогул ГЭСи эң маанилүү стратегиялык, энергетикалык объект, ал Кыргызстандын бүтүндөй электрэнергиясынын 30%ын иштеп чыгарат. Ошондуктан ТЭНдин негизинде эле өлкөдөгү эң башкы станцияны модернизациялап, реконструкциялап, реабилитацилоого болбойт, анткени ал суу-энергетикалык реусурстар менен балансты пайдалануудагы эң таасирдүү эл аралык мааниге ээ. Кышында бул ГЭС республика ичиндеги гана эмес, коңшу өлкөлөрдөгү – Өзбекстан менен Казакстандын эң катуу чыңалууларын көтөрүп келет.

Ушундан эле Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу алгачкы белгилери байкалууда: Өкмөттүк техникалык тапшырманын, долбоордогу сметалык документтердин, Токтогул ГЭСин реконструкциялоодо техникалык долбоордун эң башкы документи жок болуп жатканы буга далил. Келишим да ЕРС ыкмасы менен түзүлгөн.

Токтогул ГЭСин оңдоп-түзөөдө башкы подрядчы да жок болгондуктан, кайсыл чет элдик компания бардык үч баскычты аткарып, кантип эң башкы энергетикалык объектини өткөрүп берет?

“Электр станциялары” ААКсы биринчи жана экинчи баскычтардын лоту боюнча чет элдик ар кандай компаниялар менен келишим түзүшкөн: «JOC» компаниясы (Кытай), LS Cable&System компаниясы (Корея), «GENSER» компаниясы (Түркия), «ZMEC&SMP» консорциуму (Кытай менен Корея), GE Hydro биргелешкен ишканасы (Франция) жана GE Renewables биргелишкен ишканасы (Швейцария). Ар бир компания өзүнө милдет кылып алган иштерди бүтүрүшкөн.

Бирок башкы подрядчы болбой туруп, мындай экономиканын маанилүү стратегиялык объектисин реконструкция кылууга болбойт. ЖК жыйынында айткан спикер менен орун басары туура суроо берип жатышат, туура шектенип жатышат. 2019-жылдын 5-декабрындагы Жогорку Кеңештин №3414-VI токтомунун негизинде убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү, алар “Улуттук энергохолдинг” ААКсы келтирген маалыматтарды изилдеп, энергосистемадагы коррупциондук схемаларды аныктап, өз корутундусун берүүгө тийиш. 2018-жылы 26-январда Бишкек ЖЭБиндеги авариянын иликтеген депутаттык комиссия ачык, таасирдүү иликтөө жүргүзсө боло тургандыгын далилдей алган. Токтогул ГЭСин модернизациялоо Бишкек ЖЭБин модернизациялоого айланып кетиши толук мүмкүн.

Коррупция менен күрөшүү боюнча “Таза Кол” фонду

Кыргызчалаган KyrgyzToday.kg     

Булактар:  “Евразия”, 30.12.1999 Казахгейт. Компания Трактебель заплатила взятку в 50 млн. USD казахстанским руководителям   “НГ” от 29.02.2000 г. “Трактебель” прощается с Казахстаном

https://zonakz.net › 2014/12/25 › so-skandalom-pokinuvshaja-kazakhstan-…

25 дек. 2014 г. – Со скандалом покинувшая Казахстан французская компания Tractebel Engineering примеривается к проектам в Кыргызстане

ttps://kompromat1.live › articles › 137830-kak_anglijskie_prokurory_za…

9 дек. 2019 г. – Как английские прокуроры «загнали» в Ташкент бельгийского поданного Патоха Шодиева

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: