Соцтармактар аркылуу казак келин мурдагы күйөөсү, баласынын атасы –1978-жылы туулган кыргызстандык Канатты (аты өзгөртүлдү) издеп жатканын жазган. Келин баласы 20 жашка чыкканын, ал атасын аябай сурап жатканын, издей баштаганын келтирет.
“Канат 1998-жылы бир туугандары менен Алматыда соода кылышкан. Мен дагы ошол базарда иштегем. Тааныштык, сүйүштүк, анан үйлөндүк дегендей. Менин туугандарым үчүн Канат жакшы күйөө бала болуп берди. Уул төрөдүм. Балабызга 10 ай болгондо, Канат үйүмө, айылга барып келейин деп кеткен. Ошол бойдон кайтып келбеди. Балким ата-энеси кое бербей койду”, – деп жазат казак келин.
“Кийин балама “атаң өлүп калган” деп койдум. Анан короодон балдар менен уруша кетип, алар: “Сенин атаң кыргыз, сени таштап кеткен” деп айтып салышыптыр. Балам жанымды койбоду. Канаттын сүрөтүн көрсөттүм. Болгон чындыкты айтып бердим. Эми балам атасы менен таанышкысы келип жатат”, – деп жазат келин.
Канатты дайыны Ош шаарынан чыкты. Канат карыган ата-энеси бар экенин, Казакстандагы аялы жана баласы бар экенин билишпегенин айткан. Казак келин баласы менен жазында Ошко барарын кабарлайт. Эми жолукканга чейин ата-бала телефон аркылуу сүйлөшө алышат. Келин башка күйөөгө тийип, андан кичинекей кызы бар. Баласы атасы менен катышканына каршы эмес.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ