Футзал боюнча Кыргызстандын кыздар курама командасы 24-29-январда Душанбеде (Тажикстан) өтө турган Борбордук Азия чемпионатына катышмай болду. Медалдар үчүн алты команда салгылашат: Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан.
Командалардын бардыгы бири-бири менен ойноп, 5 оюн өткөрүшөт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ