Menu

Фото – Салык кызматы жайгашкан мекеменин ордуна курулуп жаткан бала-бакчанын курулуш иштери жүрүп жатат

Бөлүшүү:

Тыныстанов кѳчѳсү №193 дарегине 140 кичинекей шаар тургунун батырган жаңы бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 9-январь күнү билдирди.

100 орундуу балдар бакчасынын аянты 1216 квадрат метр. Курулушту «Эм Эс Билдинг» компаниясы 35 миллион сомго курууда. Акча каражаты шаардык бюджеттен бөлүнгөн.

Подрядчиктер курулушту ушул жылдын сентябрь айында бүтөрүн айтууда. Бул деген ушул жылдын күз айларында жаңы балдар бакчасы 100 кичинекей баланы кабыл дегенди билдирет.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2010-жылдын 6-7-апрель күндѳрүндѳгү окуяда аталган имарат ѳрттѳнүп, колдонууга жарабай калган. Салык кызматы жайгашкан мекеменин ордуна бала бакчаны куруу долбооруна Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кол койгон.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: