4-январда Каракол ИИБисине кафенин жанынан бир киши аялына бензин чачып өрттөп жибергени боюнча телефондук маалымат келип түшкөн. Ыкчам топ окуя болгон жерге барганда 35 жаштагы Ч.Н. аттуу киши 33 жаштагы Б.С. никесиз аялы менен уруша кетип, бензин чачып, өрттөп жибергенин көрүшкөн. Өрт койгон каңгыбаш кылмыш болгон жерден качып кетип, аял киши Ысык-Көл облустук ооруканага жеткирилген. Ыкчам аракеттердин натыйжасында шектүү адам кармалып, шаардык соттун чечими менен 2 айга камакка алынган. Тергөө амалдары жүрүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ