Menu

Каржы министрлигинин 2019-жылдагы маалыматтарына экономисттер шектенип жатышат

Бөлүшүү:

Министрликтин маалыматына ылайык, 2019-жылдын 11 айында мамлекеттик бүджеттин кирешеси чыгашасынан 955,6 млн сомго ашык чыккан. Бул тууралуу каржы министрлигинин коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирет.

“Борбордук казынанын маалыматына ылайык, 2019-жылдын январь-ноябрь аралыгында мамбүджеттин кирешеси 142 млрд 963,8 млн сомду түзгөн. Анын ичинен республикалык бүджеттин кирешеси – 126 млрд 20 млн сом, ал эми жергиликтүү бүджеттердин кирешеси – 19 млрд 498,8 млн сом”,- дейт министрликтин аталган бөлүмү.

Бул аралыкта мамбүджеттен 142 млрд 8,2 млн сомго төлөм жасалган. Ошондо 2019-жылдын 11 айында мамбүджет +955,6 млн сом профицит менен чыгып жатат.

Экономикалык маселелер боюнча эксперт-аналитик Гани Абдирасулов мындай оң статистикага ишенбей турат.

“Койгулачы! 2019-жылы бүджет алдын ала эле 20 млрд сомго дефицит менен салынган, анан кайдан профицит чыгып жатат? Эмненин негизинде? Мындай болушу эч мүмкүн эмес”, – дейт ал.

Ал белгилегендей, “эгерде Каржы министрлиги бүджеттин профицити кантип жаралганы боюнча маалымат беришкенде, сөз башкача болмок. Бул элди адаштырууга жатат” деп ойлойт ал.

“Эсеп палатасы аудит кылып, текшерип чыксын, – дейт эксперт – А балким чындап эле биз ойлогондон да жакшы жашап жаткандырбыз. Же кирешеге кайсыл бир кредитти кошуп коюшкан. Андай болсо, бул туура эмес, өзүбүз тапкан киреше гана кириши кажет”.

Экономкалык илимдердин доктору, профессор Асылбек Аюпов да мындай маалыматка таңгалганын жашырбады.

“Биз ар бир ай сайын дефицитте болуп келдик. Былтыр кайсыл бир программалык же стратегиялык аткаруулар болгонун эшитпедим.Жаңы нерсе ачып, укмуш өндүрүш жасаптырбызбы? Эсимде жок. Кумтөрдөгү казуулар да төмөндөдү. Белди бекем бууп туруп эле профицитке жетишпесек, бирок андай да болгон жок да. Анда бул сандар кайдан чыгып жатат?Дефицитти жабууга мүмкүн эмес эле го?”, – дейт ал.

Экномисттин пикиринде Каржы министрлиги эсеп-кысабын түшүндүрүп берүүгө милдеттүү экен.

“Же бизде жакшы факторлор пайда болгон, же бүджетти профицит менен жабуу тапшырмасы берилген”, – дейт профессор.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: