Menu

Өмүрбек Текебаев: “Прокурорлор атайын эле сотту созуп жатышат”

Бөлүшүү:

9-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго карата кылмыш иши кароо уланды.

Сот отуруму сот Айнура Сатарованын төрайымдыгы менен өтүүдө.

Мамлекеттик айыптоочулар отурумга бардык күбөлөрдөн жалгыз өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы кеңешчиси Нурбек Байсынов гана келгенин айтышты. Калган күбөлөр менен байланышууга мүмкүн болбогондугун, кээ бири Бишкекте эмес экендигин маалымдашты.

“Жашаган даректеринде жок болуп жатышат. Телефон номурлары да өзгөрүп кетиптир. Аларга билдирме берүү үчүн соттон убакыт сурайбыз”, – деди прокурор.

Айыптоочулар күбөлөрдүн келишин камсыз кылуу үчүн сот отурумун жылдырууну суранышты.

Өз кезегинде Текебаевдин жакточусу Таалайкүл Токтакунова буга каршы болду. Айыптоочулар муну менен сот отурумун создуктуруу аракетин көрүп жактышканын айтты. Бул пикирди Текебаев өзү да колдоду. “Жарым жылдан бери сот отуруму атайын эле создуктурулуп келе жатат”, – деди ал.

Сот Сатарова эки тарапты угуп, күбө Байсыновдун көрсөтмөсүн угуп туруп, анан чечим чыгарарын айтты.

Күбөнү уккандан соң, сот айыптоочулардан кийинки отурумга “Нур Телеком” менен “Хаятт” мейманканасынын адистеринин келишин камсыз кылууну тапшырып, сотту 23-январга жылдырды.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: