Menu

“7-каналдын” тагдыры: сот Атамбаевдин жактоочуларынын арызын канаатандырбады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-январда Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевдин жактоочуларынын Октябрь райондук сотунун “7-каналдын” (“Канал D” ЖЧКсы) мурдагы ээси Майрамкүл Мамбеталиевага мүлктү өткөрүп берүү жөнүндө чечимине каршы жазган арызын карады.

Мурдагы президенттин жактоочулары Атамбаев жана “Апрель” коомдук фонду Майрамкүл Мамбеталиевадан “7-каналды” 2018-жылдын апрелинде 7 млн сомго сатып алышкандарын далилдегенге аракеттеништи. Сатып алуу мыйзамдуу жүрүп, атайын келишим да түзүлгөн. Келишимге ылайык Мамбеталиева жеке Алмвз Атамбаевден 6 млн 300 миң сом жана “Апрель” КФдан 700 миң алган.

Эми болсо М.Мамбеталиева эч кандай кагаздарга кол койбогонун жана келишимге барбаганын айтууда. Атамбаевдин жактоочулары рейдерлик басып алуу жөнүндө билдирүү кылышты.

Шаардык сот тараптарды кунт коюп угуп, жактоочулардын арызын четке кагып, келтирген өтүнүчтөрүн канааттандырбады.

Эскерте кетсек, “7-каналдын” (“Канал D” ЖЧКсы) мүлкүн Аскер прокуратурасы 2019-жылдын 9-августунда камакка алган. Оштогу имаратына мөөр басылган. Бирок бир нече күндөн кийин тергөөчүлөр келип, мөөрдү алып, кеңсени кызматкерлер үчүн ачып беришкен. Ошондон бери канал обого чыгып келет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: