Menu

Текебаев менен Ташиев президент Жээнбековго жакпай калдыбы?

Бөлүшүү:

Аброю жок, хапуга саясатчыларды эске албаганда, президент Сооронбай Жээнбековго үлкөндөрдөн Өмүрбек Текебаев менен Камчыбек Ташиевдин жакпай калганы ыраспы? Соңку учурда экөө тең бийликке сын айтышканына күбө болгонбуз. (Буга чейин Адахан Мадумаров «сагызгандай шакылыктап», анын айткандары көнүмүшкө айланган да).

Убакыт өткөн сайын президенттин кызматтык мөөнөтү азая баштай турганы, душмандары көбөйүшү табигый көрүнүш. Былтыр Алмазбек Атамбаев Кой-Таш операциясынан кийин кармалганы саясый кырдаалды чыңалтып, түндүк-түштүк ажырымын салып кеткени жашыруун эмес. Экс-президенттин камакта отурушу опурталдуу, электоратын нааразычылыкка түртүп келет. Андан сырткары, тышкы күчтөр да ыңгайдан пайдалануу үчүн бейөкмөтчүлөр аркылуу кылдан кыйкым издегенине күбө болуп келебиз. Жазга карай өкмөттүн көйгөй чече албаганына көп себептер аралашып, митингдер да башталары кабарланууда. Мындай шартта бийлик туура анализ жасап, өкмөттү кетирип, коомдогу абройлуу адамдардын курамы менен кадр саясатын оңдоп алууга шарт бар. Саясый эрк гана керек. Ошондо гана «кара булут» тарайт…

Ал эми Текебаев, Ташиевдин оппозициялык айдыңды ээлеп, партияларын парламентке алып келүү үчүн жан үрөшөрү турган иш. Бийлик да буларга каршы салмактуу фигураларды пайдаланып күрөшпөсө, эртең кеч болуп калат го?..

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: