Menu

Расул Умбеталиев, энергетика боюнча эксперт: “Түндүк-электр” акылдуу эсептегичтери менен алдаганы анык болууда”

Бөлүшүү:

– «Түндүкэлектр» ишканасы акылдуу эсептегичтери менен элди тымызын жеп жатат» деген коомчулуктун нааразылыгы токтобой, улам күч алууда. Айрым күндөр да туура эмес эсептелип, кызыктай айырма бар экени айтылууда. Сиз буга кандай пикирдесиз?

– «Акылдуу» эсептегичтерди деле, «акылсыз» эсептегичтерди деле энергетикгер жасаган. Акыркы ноябрь, декабрь айларында акылдуу эсептегичтер жакшы иштебей калат. Эмнеге дегенде, энергетиктер толук кандуу эсептегичтердин баарынын көрсөткүчтөрүн өзгөртөт. Бул биринчи жагынан. Экинчи жагынан, ноябрь, декабрь айларында электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар атайын көлөмдөрүн көбөйтөт. Дебитордук карызды көбөйтүп, техникалык, коммерциялык жоготуу көрсөткүчтүн азайтышат.

– Бул атайын жасалабы?

– Атайын жасалат. Акылдуу эсептегичте энергетика тармагында иштеген кызматкерлердин өз көрсөткүчтөрү бар. Бул акылдуу эсептегич 220 вольт болмоюнча иштебеш керек эле. А булар болсо көрсөткүчтү, кубаттуулукту азайтып, 180 волытон баштап иштей берет. Акылдуу эсептегичтер толук кандуу иштебей жатат. Себеби, атайын эсептегичтерди иштеткен компьютердик система иштеген жок. «Түндүкэлектр» ишканасынын диспетчердик бөлүмүнө акылдуу эсептегичтердин көрсөткүчү түздөн-түз барышы керек эле. Бирок, андай болбоду. Көзөмөлдөөчүлөр келип карап, көрсөткүчтү жазып кетишүүдө. Бул система толук кандуу ишке кирбегени айкын.

Ошонун негизинде көп нааразычылыктар болууда. Ноябрь, декабрь айында көрсөткүчтөр эки-үч эсе көп келет. Өкмөт тарабынан энергияны бөлүшчү тарапка «коммерциялык, техникалык жоготууну азайткыла» деген талап коюлат. Булар болсо атайын эсептерди жаптырып, карыздарды көбөйтүп, баарын өчөшкөндөй жасашат.

– Бул үчүн ким жооптуу?

– Эч ким жооп бербейт. Энергетикадагы коррупцияны айтсак, эч ким көңүл бурбайт. Өкмөт дагы, башка мамлекеттик органдар дагы кайдыгер. Чындыгында толук кандуу комиссия түзүлүп, мунун баарын аныктап чыгуу керек. 2019-жылдын 16-декабрында атайын токтом менен Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия тузүлгөн. Толук кандуу энергетика маселелерин ошол эле акылдуу эсептегичти текшерүү боюнча, дебитордук карыз, коммерциялык, техникалык жоготуу, энергетикадагы коррупцияны кароо боюнча түзүлгөн. Алар калыс, жакшы инггесе, көптөгөн коррупция жолдору, деңгээли толук ачылышы мүмкүн.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: