Ушундай чакырык менен 9-январда КРнын саламаттыкты сактоо министрлиги Кытай өлкөсүнө барып келген жарандарыбызга кайрылды.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 2019-жылы Кытайдын Ухань шаарында белгисиз этиологиядагы пневмония (өпкөнүн сезгениши) тарай баштаган. 2020-жылдын 3-январында Кытай бийлиги бул оруга чалдыккан 44 кишини аныктаган. 11инин абалы оор, 33ү туруктуу абалда. Бул ооруда дене-бойду калтырак басып, дем алалбай, өпкө ачышып чыгат.
Кытай медиктеридин изилдөөсү боюнча оору деңиз азыктарынан жуккан. Ошондуктан Кытайга барып, кокусунан бул ооруга чалдыккан жарандарыбыз болсо, токтолбостон врачтарга көрүнүүгө тийиш. Өтүшүп кетсе, айыктыруу кыйынга турат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ