Menu

Factcheck сайтынын башкы редактору Болот Темировго кол салуу боюнча тергөөнү ИИМдин жетекчилиги өз көзөмөлүнө алды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-январь күнү болжол менен саат 12:45те “102” маалымат борборуна Эркиндик бульвары менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде Factcheck сайтынын башкы редактору Болот Темировго белгисиз адамдардын кол салгандыгы тууралуу маалымат келиш түшкөн. Кол салгандар Болот Темировду ур-тепкиге алып, уюлдук телефонун алып кетишкен.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган кылмыш окуясынын бетин ачуу жана күнөлүүлөрдү аныктап жоопкерчиликке тартуу боюнча учурда Бишкек шаардык ИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

“Factcheck сайтынын башкы редактору Болот Темировго кол салуу боюнча тергөөнү ИИМдин жетекчилиги өз көзөмөлүнө алды” – деп айтылат маалыматта.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: