28-декабрда Москвадагы ресторандардын биринде Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаевдин 75 жылдык тою болуп, ага АКШдан Атамбаевдин режиминин куугунтугунан улам качып кеткен журналист Адилет Айтикеев атайын келип куттуктап, Аскар Акаевдин башына суусар тебетей кийгизип, үстүнө кыргыз чепкен жаап, Атай Огонбаевдин “Эсимде” аттуу ырын комузда аткарып берген.
Эсиңиздерге сала кетсек, Адилет Айтикеев журналисттик кесипке келерден мурда колуна комуз кармап, жаш төкмөчү акындар менен айтышып, ыр өнөрүндө ат салышып жүрүп чыйралган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ