Menu

Маршруткаларда уурулук кылган адам кармалды. Андан жабыркагандар болсо, милицияга кайрылгыла!

Бөлүшүү:

Коомдук транспортто уурулук кылууга шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, кичиавтобустун жүргүнчүсү милицияга арыз менен 3-январда кайрылып, ал 13500 сомдук телефонун уурдап кеткен адамды таап, ага чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факт Жазык кодексиндеги 200-берене (уурулук) боюнча, Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Милиция шектүүнү таап, анын өздүгүн аныктаган. Ал 1976-жылы туулган С.К. аттуу киши болуп чыккан. Анын жанынан уурдалган телефон табылган. Ошондой эле ал буга чейин кылмыш жообуна тартылганы белгилүү болгон. Ошондон улам, милиция шектүүдөн жабыркагандар болсо, анда ‭0 (702) 106-020 0 (551) 102-180 телефон номурларына жана «102» кызматына кайрылса болоорун билдиришти.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: