Menu

Видео – Сүлөсүн Тотонова, демилгечи топтун мүчөсү: “№5 автобус “Көлмөгө” бир жуманын ичинде каттабаса, анда кемпирлерди тачкага салып алып, конуштан мэрияга чейин жөө жүрүш жасайбыз!”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-январда Бишкектин 12-кичирайонунан “Көлмө” конушуна каттаган №5 автобус каттамынын токтоп калышы боюнча маалымат жыйыны болуп өттү. Жыйынга юрист Бактыбек Маматов жана демилгечи топтун мүчөлөрү: Калыбек Иманкулов, Айбек Тургуналиев, Аида Султаналиева, Сүлөсүн Тотонова катышып, автобусту кайра каттатып берүүнү талап кылышты.

Сүлөсүн Тотонованын айтымында, көйгөйлүү маселе тууралуу алардын үнү президентке жетпей жатат. Президенттин коррупция менен күрөшүп жатканын колдойт, бирок, ошол президенттин айтканын аткарбаган, коррупцияга жол ачкан жетекчилер бар. Автобустун токтоп калганына ошол коррупционер жетекчилер күнөөлүү. 7 миң доллар кимдир бирөөнүн колуна жепей калган үчүн, № 5 автобус эртеси эле конушка каттабай, токтоп калган.

Тезекбаев (Бишкек шаардык транспорт башкармалыгын башчысы Болот Тезекбаев жөнүндө сөз болууда – авт.) ушул маселени чечип берем деген. Бирок, ал сөзүнө турган жок. Атүгүл, бизге жаңы жылдык майрамга “белек” кылды. Дал майрамдын алдында, былтыр, 25-декабрда “№ 5 автобус токтотулсун” деген буйрук чыгарыптыр. Ага чейин биз ага жайында жолукканда, ал таптакыр башка нерсе айткан, “каттайт” деп бизди сүйүнткөн. Ошондо биз Бишкек боюнча канча транспорт каттаарын сураганбыз,  троллейбус, автобусту кошкондо, Бишкек боюнча 163 транспорт жүрөөрүн айткан. Ошонун баары жүргөн жок, атүгүл №5 автобус жок болуп кетти. Негизи эле транспорт каттоо боюнча “Көлмө” конушунда жашагандарга жетекчилик 30 жылдан бери “транспорт каттайт” деп сүт эмизип келатат. Биздин конушка бала бакча, мектеп жетишпейт. Балдарыбыз шаарга келип окушат. Алар шаарга келиш үчүн транспорт катташ керек да. Ушул маселе бир жуманын ичинде чечилбесе, анда биз кемпирлерди тачкага салып алып, сүйрөп, “Көлмөдөн” мэрияга чейин жөө жүрүш жасайбыз!”,-деп сөзүн бүтүрдү С.Тотонова.

Сүлөсүн Тотонованын айткандарын төмөндөгү видеодон көрсөңүз болот:

Эске сала кетсек, 2016-жылы, 16-декабрда Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы менен «Шыдыр Жол Кей Джи» ЖЧКсы жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндө ишмердүүлүктү ишке ашыруу тууралуу мемарандумга кол коюшкан. 2018-жылдын 6-декабрында муниципалдык маршрутту 5 жылга пайдалануу тууралуу келишимге кол коюлган. Бирок, былтыр, 23-июлда башкармалык келишимди мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу билдирүү жасашкан. Анын себебин ачыктаган эмес. 2019-жылдын 25-декабрында № 5 автобустук маршруттун каттамын белгисиз мөөнөткө токтотуп койгон.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: