Menu

Талас алтын кен комбинатынын алтын өндүрүүчү фабрикасында өндүрүштү жөнгө салуу иштери башталды

Бөлүшүү:

Талас алтын кен комбинатынын алтын өндүрүүчү фабрикасында өндүрүштү жөнгө салуу иштери башталды.

Башкы жалданма компания AAEngineering Group курулуш-монтаждоо иштеринин негизги көлөмүн, анын ичинде башкы конструкцияларды тургузуу, жабдууларды негизги технологиялык орнотуу жана түтүктөрдү монтаждоону аяктаган. Калдык сактоочу жайдын, баштапкы кен кампасы менен аянттар аралык жолдун жана башка инфраструктуралык объекттердин курулушу толук бүткөн.

Мында кен казуу иштери күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Учурда кампада тоннасына орточо 1,2 грамм алтын камтылган 8,1 тонна кен топтолду.

«Жерүйдүн» өндүрүш тилкесинде 90% Кыргыз Республикасынын жарандарынан турган жалданма уюмдун жумушчуларын кошкондо 760 киши иштеп жатат. «Альянс Алтын» ЖЧКсы жергиликтүү элдин –Талас облусунун тургундарынын арасынан сынактын негизинде тандалгандарды даярдоо жана аларды кесиптик жактан окутууну улантууда. Келечекте кенде иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон  380 адам даярдоодон өттү.

Кен иштетилип баштагандан бери Кыргызстандын бюджетине салык төлөмдөрүнүн түшүүсү көбөйүүдө. 2020-жылы салыктык чегерүүлөрдүн суммасы дээрлик 2 миллиард сомду түзөт. 2015-жылдан 2020-жылдын 1-январына чейин ишкана 611 млн 912 278 сом өлчөмүндө салык төлөдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: