Menu

Видео – Айбек Тургуналиев, демилге топтун мүчөсү: “Шыдыр Жол Кей Джи” компаниясынын 7 миң доллар пара сураганы бул чындык, далилибиз бар”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-январда Бишкектин 12-кичирайонунан “Көлмө” конушуна каттаган №5 автобус каттамынын токтоп калышы боюнча маалымат жыйыны болуп өттү. Жыйынга юрист Батырбек Маматов жана демилгечи топтун мүчөлөрү: Калыбек Иманкулов, Айбек Тургуналиев, Аида Султаналиева, Сүлөсүн Тотонова катышып, автобусту кайра каттатып берүүнү талап кылышты.

Айбек Тургуналиев Ички иштер башкармалыгында коррупция бар экендигин баса белгилеп, Нурлан Койчубаков аттуу адам пара сураганы тууралуу видеозаписте бар экендигин айтып берди. Ошондой эле ал «Шыдыр Жол Кей Джи» ЖЧКсы жети миң доллар пара сураганы чындык экенин, аны далилдеп бере алыша турганын ишенимдүү айтты. Айтып жаткан коррупция боюнча алардын кайрылбаган, жазбаган жери калбаптыр. Президентке, премьер-министрге чейин жазышыптыр, алардан жыйынтык чыкпагандан кийин, айла жок журналисттерге кайрылып жатышыптыр. Аягында ага журналисттер тарабынан суроо узатылды, “7 миң доллар пара боюнча далилдеп бере аласыңбы?”,-деп, ал бул боюнча видеозапис, документ бар болгондуктан далилдеп бере ала турганын айтты. Анын бул сөзүн жанында отурган юрист Батырбек Маматов да бекемдеди. Чогуу келген адамдар да далилдеп бере ала тургандарын ишенимдүү айтышты.

Айбек Тургуналиевдин айткандарын төмөндөгү видеодон көрсөңүз болот:

Жыйындын аягында, журналисттердин арасында отуруп, баарын уккан Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Болот Тезекбаев (анын аты бу жыйында бир канча жолу аталган) бул маселе боюнча журналисттерге түшүндүрүп берди. Бул жыйынга катышкан Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Гуля Алмамбетова дагы бул маселе боюнча айтып берди. Ага чейин ал Сүлөсүн Тотонова менен кайым айтыша кеткен.

Эске сала кетсек, 2016-жылы, 16-декабрда Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы менен «Шыдыр Жол Кей Джи» ЖЧКсы жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндө ишмердүүлүктү ишке ашыруу тууралуу мемарандумга кол коюшкан. 2018-жылдын 6-декабрында муниципалдык маршрутту 5 жылга пайдалануу тууралуу келишимге кол коюлган. Бирок, былтыр, 23-июлда башкармалык келишимди мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу билдирүү жасашкан. Анын себебин ачыктаган эмес. 2019-жылдын 25-декабрында № 5 автобустук маршруттун каттамын белгисиз мөөнөткө токтотуп койгон.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: