Бүгүн, 9-январда Талас облсунун токой чарбасынын аймагында жайгашкан Көк-Ой айылына башына ок жеп жарадар болгон илбирс кирип келип, адамдарды көргөндө бийик дарактын башына чыга качкан. Жергиликтүү калк участковый милиционерди, токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча адистерди чакырып, илбирсти дарактан түшүрүп, укурук менен кармашкан. Колу-бутун, оозу-башын байлашып адистерге тирүүлөй өткөрүп беришкен. Бул тууралу окуянын күбөлөрү видеотасмага тартып, социалдык тармактарда таратышууда:
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ