Menu

Фото – Сооронбай Жээнбеков БАЭнин билим берүү министри Хуссейн бин Ибрагим Аль Хаммади башында турган делегация менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 9-январда Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) билим берүү министри Хуссейн бин Ибрагим Аль Хаммади башында турган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары жана келечектери тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы жакында БАЭге жасаган расмий визити ийгиликтүү өткөнүн, өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен бир катар жолугушуулар болуп, кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланып, жакынкы келечекке карата пландар белгиленгенин канаттануу менен белгиледи.

Визитти ийгиликтүү уюштурууга Хуссейн бин Ибрагим Аль Хаммадинин кошкон жеке салымын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков өз ара пайдалуу бардык багыттар боюнча Бириккен Араб Эмираттары менен эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

БАЭ Билим берүү министри Хуссейн бин Ибрагим Аль Хаммади ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий визитинин алкагындагы Абу-Дабинин Мураскор ханзаадасы, БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн Жогорку Башкы Командачысынын орун басары Мухаммед бин Заед Аль Нахайян жана БАЭ Вице-президенти, Премьер-министр Мухаммед бин Рашид Аль Мактум менен сүйлөшүүлөрү ийгиликтүү өткөнүн, ар кыл чөйрөлөрдөгү бир катар ири долбоорлор талкууланганын белгиледи.

БАЭнин делегациясы Сооронбай Жээнбековдун БАЭге болгон расмий визитинин алкагында жетишилген макулдашууларды толук иштеп чыгуу жана эки тараптуу мамилелерди тереңдетүү үчүн келгенин өзгөчө белгиледи.

Ал аталган визиттин жыйынтыктары боюнча ар кандай багыттарда бир канча жумушчу топторду түзүү жөнүндө чечим кабыл алынганын, буга байланыштуу БАЭнин делегациясынын курамында жетекчилер жана бир катар ири компаниялардын өкүлдөрү келгенин кошумчалады.

Эртең, 10-январда, Кыргызстандын министрликтери жана ведомстволорунун жетекчилери менен кызматташуунун келечегин талкуулоо үчүн жолугушуулар өтө турганын белгиледи.

Хуссейн бин Ибрагим Аль Хаммади Кыргызстан менен кызматташууну өркүндөтүүгө Эмират тарап даяр экендигин дагы бир жолу тастыктап, Кыргызстан жана БАЭнин жогорку жетекчиликтеринин сүйлөшүүлөрү жакынкы мезгилде жакшы натыйжаларын берет деген ишенимин билдирди.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну тереңдетүүгө жана жетишилген макулдашууларды натыйжалуу ишке ашырууга өз ара даяр экендиктерин билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: