Menu

Кайрадан Кыргыз-Тажик чегарасында жаңжал чыкты

Бөлүшүү:

9-январдан 10-январга караган түнү “Орто-Боз” заставасына жакын Төрт-Көчө деген жерден саат 00:40та Тажикстандын жарандары Баткен тарапка өтүп бараткан “Хонда Одиссей” автоунаасына таш ыргытышкан. Натыйжада – машиненин арткы айнеги сынып, капталдары майышкан.

Бул боюнча түнкү бирлерде эки өлкөнүн РИИБи өкүлдөрү жолугушкан. Тажик тарап бул факт боюнча иликтөө жүргүзүүнү убада кылган.

Мындан тышкары, түнкү бирлерде Көчөкарын деген жерден (“Көк-Таш” заставасына жакын) тажик айылынын тургундары Көк-Таш айылына бараткан “Фольксваген Гольф” автоунаасын таш менен ургулашкан. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери менен чегарачылар барганда, тажик тараптан ок атылган.

Жапа чеккендер жок. Эки өлкөнүн чегарачылары жолугуп, сүйлөшүшкөн. Таңкы төрттө гана ок атуулар токтогон.

Бул факт боюнча Баткен облусундагы өкмөт өкүлү Акрам Мадумаров телефон аркылуу Тажикстандын Согдий облусунун башчысы менен сүйлөшкөн. Эки тарап абалды жөнгө салуу маселесин талкуулашты.

Көп өтпөй Дахма айылынан тажик жарандары Кыргызстан жаранынын үйүн таш менен ургандары белгилүү болду. Чегарачылар менен милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барганда, кайрадан тажик тараптан ок атылган. Баткен облусундагы чегарачылар күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жатышат.

Ал эми 9-январь күнү кечинде Көк-Таш айылынан белгисиз бирөөлөр кыргызстандык Абдуллаевдин короосуна киришип, үйүн өрттөгөнгө аракет кылышкан. Бирок үйдү өрттөгөнгө үлгүрбөй, качып кетишкен. Бирок сарайын өрттөгөнгө үлгүрүшкөн. 80 чарчы метр сарайдын 16 чарчы метри күйүп, 6 шифер, 6 түркүк, 120 боо байлам чөп өрттөнгөн.

9-январдан 10уна караган түнү Жака-Өрүк айылынан тажиктер дагы бир машинени ташбараңга алышкан.

Бүгүн кыргыз бийлиги шашылыш чара көрбөсө, абал курчуп кетчүдөй абалга бара жатат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: