Бүгүн, 10-январь күнү министр Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын Тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, эки өлкөнүн министрлери 9-январдан 10-январга караган түнү орун алган кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. ТИМ башчысы Чыңгыз Айдарбеков тажик эли тарабынан кыргыздарга ок атылып, таш ыргытылгандыгына тынчсыздануусун билдирген.
Мындан сырткары, КР Тышкы иштер министрилигине Тажикстандын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси чакырылды.
Эсиңиздерге сала кетсек, бүгүн, 10-январь таңкы саат 04:00 чамасында “Орто-Боз” заставасына жакын Төрт-Көчө деген жерден тажик тарап кыргыз жаранына таандык “Хонда Одиссей” машинасына таш ыргытышып, унаанын айнектери талкаланган.
Ошол эле күнү саат 01:10 чамасында Достук айылынын тургунуна таандык болгон “Фольсваген Гольф-4” үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары таш ыргытышып, анын да терезелери талкаланган.
Аталган факттар Баткен РИИБнын кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Андан сырткары саат 02:40 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма участкасында Таджикстан тараптан белгисиз ок атуучу куралдан ок атылган. Көк-Таш айылынын тургундарын коопсуз жердеги мектепке которушкан.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ