Ноокатта КАМАЗ оодарылып, айдоочу ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы бүгүн, 10-январда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Ноокат-Көк-Бел унаа жолунда 15-чакырымында (Котормо айылы) КаМаз жолдон чыгып кетип, оодарылган. Кырсыктын кесепетинен оор жүк ташуучу машинанын айдоочусу жаракат алган. Окуя болгон жерге 3 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамды машинадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ