Бүгүн, 10-январь күнү саат 10:53тө Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
“Жер титирөө Аксы районунун Кызыл-Жар жана Жыл-Кол айылдарында 3 балл, Шамалды-Сай шаарчасында 2,5 балл жага Таш-Көмүр шаарында 2 баллга чейин жеткен” – деп айтылат маалыматта.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ