Menu

Бермет Букашева, журналист: “Атамбаев журналисттерге миллиондогон доо койгон биринчи президент болду”

Бөлүшүү:

Белгилүү журналист Бермет Букашева Кыргызстандын саясий өңүтүндө «конспираси-теориясы» өкүм сүргөнүн анализге алып, кимдир бирөө атайын ары-бери чайпап, эч кандай далили жоктугуна карабай «5-каналдын» журналисттери түп орду менен Раим Матримовго сатылганы боюнча ушак таратып жатканын билдирди.

Ага жооп катары «Азаттык» Алмазбек Атамбаевге сатылганын айтып, журналисттик чөйрө өзүнөн өзү алсырап баратканын ачыктаган.

Ал 2017-жылы Атамбаев «Азаттык» менен «Заноза» сайттарын сотко бергенин эске салып, «Азаттыктын» жетекчиси Атамбаев менен жолугушкандан кийин өзүнүн доосун артка кайтарып алганын, «Заноза» жалгыз калганын, бул өтө кейиштүү болгонун, Атамбаев менен сепараттык сүйлөшүүгө баргандан көрө, «Азаттык» журналисттик тилектештикти көрсөтсө дурус болмоктугун белгилеген. «Ошол маалда Атамбаевдин азыркы тарапташтары «Азаттыкты» айыптаган постторун жазып, сөз эркиндигине доо кетирип Атамбаевге сатылганын айтса, эми ошол «Азаттыкка» көө жапкандар бүгүн «5-каналды» саткын кылышууда» – деген Бермет Букашева «Свобода» радиосунун президенти Джейми Флай август айында Бишкекке келгенде ошол эле адамдар аны менен ресторанда отурганын ачыктаган. Ошондой эле «Азаттыкка» болгон сындан улам жолугушпаганын, бул накта америкачылык сапатка жатпай калганын билдирди.

Атамбаевдин ачык колдоочулары Кой-Ташта болуп, социалдык желеде колдоп, «Свобода» радиосунун президенти менен жолугушууга чакырганына таң калган Бермет Букашева «эмненин негизинде» деген сурооо коет. «Анткени, сөз эркиндигине   бөгөт койгон адам катары «Азаттык» тарабынан Атамбаев миңдеген ирет сындалган. Журналисттерге миллиондогон доо койгон биринчи президент болду. Бул адам эч кандай далили жок көптөгөн саясий атаандаштарын түрмөгө отургузду. Кыргызстандын тарыхында чектен чыккан процесстер катталды. Ал журналисттерди кордогонго, саясий оппонеттерин кордогонго жол берди. Бул алам өлкөнүн эгемендүүлүк күнүндө, 2016-жылдын 31-августунда, биринчи аял президентти майрамдык салтанаттан кууду. ММКлар тарабынан олуттуу сынга алынышына бул адам татыктуу. Анан эле анын Американын салыкчыларынын эсебинен жашап жаткан ММКлардагы тарапташтары өздөрүнүн президенти менен жолугушууга чакырып жатышат. Бул кандайдыр бир хандыктагы кыйшык күзгүнү элестетет» – дейт журналист.

Азимбек Бекназаров менен болгон маегинде Матраимов кызматка келиши үчүн канча акча төлөнгөнүн ачыктаган Бермет Букашева коомдун акылын будөмүктөтүү жүрүп жатканын, муну эл андай албай турганын, өзү үчүн туруп, эч кимге сатылбаган адамдар саткын аталып баштаганына кейигенин билдирген. «Кимдир бирөөнү сатылды же саткын деп аташ – шылдыңдоого барабар. Ошол эле Эльнура Алканова айтылуу Матраимов боюнча иликтөө жасап, кагаздарды президентке берди. Эми аны кайсы негизде саткын деп күнөөлөшөт? Мен буга таң калам» – деди.

Аталган ММКлар Алканова эл аралык сыйлыкка татыганын жымжырттык менен өткөргөнүн айтып, өзүнүн «Секреты власти» берүүсү эмне үчүн чыгарылбай калганын кошумчалап, чоң суроону таштаган. Көрсө, АКШдан учуп келип 2-3 ай жүрүп, материал даярдоо боюнча келишим болгон экен. Авиабилеттерге өз каражатын коротуп рейтинги жогору эксклюзивдик маалыматтарды даярдагандан кийин контракттын шылтоосу менен «Азаттыктан» кыскартып коюптур. Албетте, бул адилеттикке жатпаган иш. Сөз эркиндигин колдогондор мындай пастыкка барбашы керек.

Бермет Букашева сөзүнүн аягында регионалдык факторго токтолуп, «Эмне үчүн азыркы бийликти жактырбайт? Мен аймактык фактор роль ойнорун кошумчалагым келет. Түндүктүктөр кайсы бир негизде түштүккө каршы туураланган деп эсептейм. Элдин аң-сезиминде мына ушундай үңкүр инстинкти калган экен, ал жанданууда. «Мына түштүк бийликти басып алды» дегендерди мен адилетсиздик деп эсептейм. Бизде ушундай инстинкттин калганы, аларды ушул үчүн жек көргөнү өтө жагымсыз нерсе. Мен өзүм түндүктөнмүн, ошол үчүн бул жөн үндө айтып жатам» – деп бүтүргөн.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: