Menu

Фото – Бишкекте Кыргызстандын жана Азербайжандын Достук паркы курулат

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын түштүк жагында Кыргызстандын жана Азербайжандын Достук паркы курулат. Бул боюнча макулдашуу 2018-жылы Чолпон-Ата шаарында, 2019-жылы Баку шаарында болуп өткөн Түрк саммитинин алкагында эки мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында жетишилген.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-январда, Кыргызстандын жана Азербайжандын Достук паркын курууга капсула салуу аземинде билдирди.

Мындан тышкары, Азербайжан тарап Бишкек шаарынын «Көк-Жар» конушунда орто мектеп куруу ниетинде.

Мамлекет башчысы бул иш-чаралар буга чейин жетишилген макулдашуулардын алкагында ишке ашырылып, эки өлкөнүн ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын жогорку деңгээлинин далили экенин белгиледи.

«Кыргызстан Азербайжан менен мезгилдин сыноосунан өткөн достук мамилелерин өнүктүрүүгө чоң маани берет», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Ал Президент Ильхам Алиев баш болгон азербайжан тарабын парктын курулушуна көмөктөшүүсү үчүн ыраазычылык билдирип, бул эки элдин ортосундагы чыныгы достуктун символу болуп каларына ишенерин айтты.

Парк Азербайжан Президенти Ильхам Алиевдин 2020-жылы Кыргызстанга боло турчу расмий визитинин алкагында ачылары белгиленди.

Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гидаят Оруджев Кыргыз Республикасынын Президентине бул долбоордун ишке ашырылуусу үчүн ыраазычылык билдирип, Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин кайрылуусун окуду.

Анда бул парк эки элдин жалпы тарыхына жана этникалык тамырына, улуттук баалуулуктарына жана салтына негизделген эки өлкөнүн достугунун жана боордоштугунун символу экендиги белгиленген.

Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, Кыргызстандын жана Азербайжандын Достук паркы 5,5 га аянтка жайгашат.

Башка инфраструктуралардан тышкары бул жерге фонтандар, бассейндер, ачык амфитеатр, балдар аянтчалары ж. б. орнотулат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: