2018-жылга салыштырмалуу 2019-жылы азык-түлүктүн экспорту кадимкидей көбөйө түшкөнүн мамлкеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы билдирди.
“Сүт продукциясын экспорттоо 3 миң 268 тоннага өсүп, 30 миң тоннаны түздү. Балыктын экспорту 1925 тоннага көбөйүп, 2376 тоннаны түзүп олтурат. Бал 140 тоннага көбөйдү, жалпы 510 тонна”, – деп айтылат маалыматта.
2018-жылы өлкөбүз Иранга гана эт экспорттоп келсе, 2019-жылы Бириккен араб эмираттары менен Кувейтке жөнөтө башташкан. Былтыр сыртка 2 миң 208 тонна эт кеткен, анын 787 тоннасы – койдун эти.
Бүгүнкү күндө Евразиялык экономикалык биримдиктин бирдиктүү реестринде 102 кыргыз ишканасы катталган:
Сүт азыктарын өндүргөн – 26 ишкана;
Бал өндүрүп саткан – 29 ишкана;
Балык өндүргөн – 21 ишкана;
Эт өндүргөн – 15 ишкана;
Улуттук сүт азыктарын өндүргөн – 1 ишкана;
Мал сойгон – 6 ишкана;
Тирүү малды багып, көбөйтүп саткан – 2 ишкана;
Куш этин өндүргөн – 1 ишкана;
Малга жем даярдаган – 1 ишкана бар.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ