Menu

Эки зөөкүрдүн милиция агасынын үй камагына чыкканына жабырлануучу Уланбек Белеков өтө капа болууда…

Бөлүшүү:
Сүрөттө: жерде жаткан жабырлануучу Уланбек Белеков. Тепкилеген Бапышовдор.

Былтыр, августтун аягында Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков Бишкек шаарындагы “Жал” кичирайонунда эки жигитти аеосуз сабап, кийиздей тепкилеген бир туугандардын милиция агасы Казыбек Бапышов былтыр камакка алынып, быйыл үй камагына чыгарылды. Аны уккан жабырлануучу Уланбек Белеков нааразы болуп, аябай капаланып жатканын анын бир тууган эжеси Элзада Белекова маек берип жатканда билдирди.

Элзада айым, иниңердин ден соолугу, операция болгон бети кандай болуп калды, калыбына келдиби?

– Алгач, учурдан пайдаланып, бизди, инимди колдоп, чоң моралдык жардам кылган кыргыз элимди жана коомчулукка чындыкты жеткирип жаткан сиздерди, журналисттерди кирип келген жаңы жыл менен куттуктайм. Кырсыктан тышкары, ден соолукта болуңуздар! Өткөн жыл биз үчүн оор жыл болуп калды, капысынан иниме кол салуу болуп, жарым жыл депрессияда жүрдүк, азыр деле анын учкуну кете элек. Ал каргашалуу окуяны эстеген сайын жаман болуп кетебиз. Өзгөчө иним жаман болуп кетет, ал күндү эстегиси да келбейт. Жүрөгүндө так, денесинде жаракат калды. Дегеним, дагы деле ден соолугу олку-солку. Былтыр, бетине пластикалык операция жасалбады беле, ал акырындык менен калыбына келатат. Жакшы болду деп кубанып жатсак, башым деп чыкты, башын дарыладык. Башын айыкты десек, эми көзүм деп атат. Ошентип эле улам бир жери айыкса, экинчи жагы ооруп атат. Денеге бир запкы кеткенден кийин, аны калыбына келтирүү өтө кыйын турбайбы. Аман калганына Кудайга шүгүр деп шүгүрчүлүк кылып отурабыз.

– Бапышовдор тараптан жардам болуп жатабы?

– Алардын апасы келип, дарылануусуна деп бир аз акча берип кеткен. Биз сотко доо-арыз жазбадык беле, ошол арызыбыздын негизинде, мыйзам боюнча, жабырлануучуга көрсөтүлгөн сумманы төлөп берүүгө милдеттүү экен да. Ошону берип кеткен. Биз, карапайым эл мыйзамды деле жакшы билбейбиз да. Аны адвокатыбыз айтты. Азыр мыйзамдар дагы бат эле өзгөрүп жаткан турбайбы.

– Сот качан болгону жатат?

– Адвокатыбыздын айтымында, негизи былтыр, декабрь айында болмок. Ал убакыттан негедир жылып кетти го. Себебин, адвокаттан сурасак, азыр мыйзамга өзгөртүүлөр кирип жаткан турбайбы. «Ошол өзгөртүү менен таанышууга өзүбүз да үлгүрбөй жатабыз”,-дейт го. Ошондон улам, сот жылып калса керек. Күтүп жатабыз. Адвокатыбыз айткандай эле болду, ал: “Бапышовдордун милиция агасы жакында үй камагына чыгат болуш керек. Ага мыйзам боюнча ошондой эле чара колдонулат”,- деген эле. Кечээ жакыда чыкканын угуп алып аябай жаман болдук. Аны болгондо да жабыркаган иним Уланбектен угуп жатпаймынбы. Мен да сыркоолоп, дарыланып жүргөм, ден соолук менен алышып, Интернетке көптөн бери кирбей калгам. Иним аны окуп алып аябай жаман абалда болду чынында, “ушу кантип болсун? Ал инилерин коргоп жатса, ошол учурда жабыркаган бизге жардам бербей, машина менен келип соо инилерин алып кетсе… Ал чыкса, ал эми абактагы инилерин чыгарып алат да”,-деп ачууланды. Ага нервденгенге болбойт да, себеби, бети операция болгон. “Колдон келгенин кылдык, эми калганын Кудайга койдук, Кудай жазасын берсин. Жакында сот болот, сот кантип эле инилерин эркиндикке чыгарып жиберсин”,-деп араң соороттум. А чынында алдыда кандай болуп кетет, аны бир Кудай билет деңизчи, ошентсе да сотторго үмүттөнүп жатабыз. Кеп алардан өч алууда эмес, кеп мыйзам чегинде алар жазасын алышы керек!

– Берки жабырлануучу бала кандай болуп калды? Аны менен байланышып жатасыңарбы?

– Ал бала айылда, бир туугандары айылга алып кетишкен. Көптөн бери байланыша элекпиз. Жакшы болуп калса керек. Жакында байланышабыз го.

Эске сала кетсек, былтыр, 28-августта Ж.Бапышов менен К.Сейитбеков Бишкек шаарындагы “Жал” кичирайонунда, Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанынан эки жигитти аеосуз сабап, кийиздей тепкилегени аз келгенсип, аларга келген Тез жардамга да жолтоо болгон видео сентябрда социалдык тармакка тарап, коомчулуктун каргышына калган. Үрөйдү учурган окуя болгон жерге эки мыкаачынын милиция агасы Казыбек Бапышов жетип барып, аларды алып кеткен. Эки зөөкүргө издөө жарыяланган. Коомчулуктун катуу сынынан кийин, ИИМ министри К.Жунушалиев бул окуяны өз көзөмөлүнө алган. Ошондон кийин гана иш жылып, 4-сентябрда милициянын майору К.Бапышов (шектүүлөрдүн бир тууган агасы) кызматынан бошотулуп, бир нече кызматкер жазага тартылган. 6-сентябрда, таң эрте Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков милицияга өздөрү келип, колго түшүп берген. Эртеси, 7-сентябрда алардын бөгөт чарасы Свердлов райондук сотунда каралып, камакка алынган. 10-сентябрда алардын милиция агасы Казыбек Бапышов да кармалып, УКМКнын тергөө бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Быйыл, 8-январда Бишкектин Биринчи май раойндук соту Казыбек Бапышовдун баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарды.

23-сентябрда  Уланбек Белековдун бетине операция жасалган.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: