Menu

Видео – Алманбет Шыкмаматов: “Депутаттык мага байлык алып келген жок, Кудай астында, куран кармап айтып берем, карыз болуп, аванс алып жашап келдим”

Бөлүшүү:

-Депутаттык кызмат үй-бүлөңүзгө, жеке өзүңүзгө кандайдыр бир мал-мүлкүңүздүн, байлыгыңыздын көбөйүшүнө алып келдиби?

-Жок. Алып келген жок, аны бүт мамлекеттик органдар жүз-эки жүз жолу текшерип чыгышса болот. Силер да иликтөөдөн өткөрсөңүз болот. Мен ушул парламенттик айлыгымды акыркы 2 жыл аванс алып жашадым, аванс дегендин кандай экенин билесизби? Карыз болуп, акча жокто бухгалтерияга барып, аванс аласыз. Мен ар дайым аванс алып жүрдүм. Анткени үйдө мен эле иштейм. Бирок айлыгым жетет.

-Депутаттар ушинтип айтса эл ишенеби?

-Мен билбейм, эл ишенеби же ишенбейби, бирок мен кудай астында, куран астында дагы айтып берем.

“Ата-Мекен” фракциясынын экс-лидери Алманбет Шыкмаматовдун КР Жогорку Кеңешинин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулуна берген интервьюсунан алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: