Menu

11-15-январларда Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат

Бөлүшүү:

11-январда кээ бир тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге  жетиши күтүлөт.

12-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 12-январда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

13-январда жана 14-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.  Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

14-январда күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда  кар жаашы күтүлөт. 15-январда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: