Санкт-Петербургда таксист болуп иштеген кыргызстандыкты тоноп кетишти. Бул тууралуу “Мойка 78” порталы жазып чыкты.
Алардын маалыматына караганда, окуя 9-январда болгон. Ал күнү Азербайжан жарандары такси чакырган. Алардын айткан дарегине 25 жаштагы кыргызстандык таксист барган. Алар анын бетине газ баллон чачып, 15 миң рублин, телефонун жана банктык карталары менен документтерин алып, качып кетишкен. Көп өтпөй алар кармалып, азербайжандык бир туугандар экени аныкталган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ