Menu

Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арадагы абалды талкуулашты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-январда, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчылары кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков эки өлкөнүн чек арасында туруктуу абалды сактоо зарылдыгын өзгөчө белгилеп, жарандардын күнүмдүк тиричилик чыр-чатактары өтө сезгич болуп калганын кошумчалады.

«Кыргыздар менен тажиктердин ортосундагы көп кылымдан берки достугу болуп келген, бар жана да боло бермекчи. Биз чек арадагы абалдын курчуп кетишине жол бербешибиз керек. Тилекке каршы, акыркы убакта чек ара аймагында чыр-чатактар көп болуп жатат. Кечээ эле Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында кезектеги чыр-чатак болду», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын Президенти мындай окуялардын алдын алуу үчүн жергиликтүү калктын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маанилүү экенин белгиледи.

Мамлекеттик чек арадагы окуя боюнча ММКлардагы чагымчыл маалыматтар эки өлкөнүн жакшы коңшулук жана достук мамилелерине туура келбей турганын өзгөчө белгиледи.

Кыргызстандын Президенти биргелешкен иликтөөнүн натыйжасында чек арадагы чыр-чатактын чыгуусуна күнөөлүүлөрдү жазага тартуу керектигин баса белгиледи.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин тездетүү зарылдыгына өзгөчө токтолду.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Мамлекет башчылары ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана жакынкы келечекке карай артыкчылыктуу пландарды талкуулашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: