Menu

ИИМ: Кой-Таштагы окуя боюнча кылмышка шектелген 14 жаранга тергөө иштери аяктады

Бөлүшүү:
ИИМдин тергөө кызматы тарабынан 7-8-августтагы Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шектелген 14 жаранга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш аягына чыкты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 11-январь күнү билдирди.
“Бийликти басып алуу, адам өлтүрүү, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин өлтүрүүгө аракет кылуу, массалык башаламандыкты уюштуруу, адамдарды барымтага алуу ж.б. фактылар боюнча 14 адамга шектүү катары маалымат кабар берилип, 7-8-августтагы Кой-Таш окуясы боюнча тергөө иши аягына чыкты жана кылмыш ишинин материалдары менен тааныштыруу процедуралары башталды” – деп айтылат маалыматта.
Ал эми калган шектүүлөргө карата иштин материалдары өзгөчө өндүрүшкө алынып, сотко чейинки тергөө иштери уланууда.
Эсиңиздерге сала кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргүзүлгөн. Анда Атамбаевдин тарапташтары менен күч түзүмдөрүнүн ортосунда жаңжал чыккан. Атамбеавчилер тарабынан атылган октон УКМКнын 47 жаштагы полковниги Үсөн Ниязбеков каза болгон. Алмазбек Атамбаев атайын операциянын экинчи күнүндө колго түшкөн.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: