Menu

Фото – Жумгалда колго түшкөн дагы бир илбирсти куткаруучулар Бишкекке алып келишти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-январда Нарын облусунун Жумгал районунда колго түшкөн дагы бир илбирсти Бишкекке алып келишти. Бул тууралу илбирстерди коргоо боюнча эл аралык NABU уюмунун Кыргызстандагы бөлүмү өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.

“Дагы бир куткарылган илбирс. Биздин “Илбирс” куткаруучу тобу ыкчам маалыматтардын негизинде Нарын облусунун Жумгал районуна чыгып, алсыраган бир илбирсти NABU уюмунун Бишкектеги офисине алып келишти. Азыр ак илбирсти биздин ветеринар кароодон өткөрүп жатат” деп айтылат билдирүүдө.

NABUнун маалыматы боюнча бул карып калган, 11-12 жаштардагы илбирс ачкалыктан Жумгалдагы бирөөнүн малына кол салууга келгенде кожоюндун иттери байкап калып чабуул жасашкан. Иттерден чочуган илбирс эшиги ачык турган сарайга кире качканда үйдүн ээси иттерди киргизбей, эшикти сыртынан жаап, КР Токой чарбасы жана айлана-чөйрөнү коргоо кызматына билдирген. “Илбирс” куткаруучу тобу колго түшкөн илбирсти Бишкекке алып келишкен.  Азыр Жумгалдан келген илбирс ветврачтардын колунда.

Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 10-январда Талас облусунан да белгисиз бирөөлөр башка атып жарадар кылган 1 жаштагы ак илбирсти NABU уюмунун Бишкектеги офисине алып келишип, операция жасашкан. Анын башынан 70тей чачма ок табылып, анын 18 огу операция жолу менен илбирстин башынан алынды. Калган окторду алуу үчүн дагы операциялар жасалары айтылууда.

Булак: KyrgyzToday.kg            

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: