Menu

Бүгүн Ош шаарында залкар ырчы жана обончу Рыспай Абдыкадыров эскерилди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 12-январь залкар обончу жана ырчы, КРнын эмгек сиңирген артисти Рысбай Абдыкадыровдун туулган күнү. Атактуу обончу бүгүн Ош шаарында эскерилди. Бул тууралуу жергиликтүү кабарчылар жазып чыкты.

Алардын билдирүүсүнө караганда, эскерүү Ош облустук филармониясынын алдында өтүп, анын эстелигине гүлчамбар коюлган.

Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Ош облусундагы Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Булак айылында туулган. Үч жолу үйлөнгөгөн. Алгачкы сүйүүсү Тоту айым, андан эки кызы бар. Кийинки сүйүүсү Оңол аттуу айымды ооруканадан жолуктурган. Ал анын дарылоочу доктуру болгон. Акыркы сүйүүсү Давлет айым, ал өзүнөн бир топ жаш кичүү болгон. Андан Сюита аттуу кызы бар. Ал кызы бир курдай атасын эскерүү маегинде: “Атам мени эркек болот” деген чоң үмүт менен уул күткөн экен, дагы кыз төрөлүп калды. Бирок, атам мени кагып-силккен жок, эркелетип өстүрдү. Бирок, уулдуу боло албаганын өксүк кылып өткөнү чындык“, – деген.

Залкар таланттын 200дөн ашуун обону бар. Баары атактуу ырлар, азыркыга чейин ырдалып келет. Алсак, «Алмашым», «Түгөйүм», «Сагынуу», «Издейм сени», «Алтынчы күнү кечинде», «Жүрөктү кетпе жаралап» жана башка.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: