60 жаштагы Таалай Акматов жоголуп изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда туугандары билдирди.
Алардын айтымында, Т.Акматов Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылында жашачу. Былтыр, 28-декабрда үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес. Ал күнү ал үстүнө кара куртка, башына кара топу, каралжын шым, кара өтүк кийип жүргөн.
Аны көргөн, билгендер болсо, төмөндөгү телефондорго чалып коюуну туугандары өтүнөт:
(0700) 038-257, (0705) 828-470, (0707) 006-203.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ