Эртең, 15-январда, Бишкектеги “Достук” мейманканасында Таластагы “Жерүй” алтын кени боюнча тегерек стол болот. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда уюштуруучулардын бири. активист жаран Айбек Мырза билдирди.
Анын айтымында, бул иш-чарага Жогорку кеңештин депутаттары, мамлекеттик бийлик бутактарынын, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, эксперттердин, кайдыгер эмес жарандардын катышуусу күтүлүүдө.
“ЖК депутаттары Рыскелди Момбеков, Марлен Маматалиев жана Зарылбек Рысалиев иш-чарага келип береби?”,- деген суроого, ал келип берээрине терең ишенээрин айтты.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ