2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын эл аралык дүң резерви 55,54 млн долларга көбөйгөн. Бул тууралуу 13-январда Улуттук банк билдрди.
Ошондо 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын эл аралык резерви 2 млрд 424,11 млн долларды түзгөн. Бул 2002-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч. Бир жылдын аралыгында резервдердин көлөмү 268,65 млн долларга өскөн.
Улуттук банк резервдерди валюта рыногундагы кескин өйдө-төмөн болгон учурларда пайдаланат. 2019-жылы Улуттук банк алты жолу интервенция кылган. Анда долларлар сатылган. Валюта рыногунда жалпы жонунан 143 млн 450 миң доллар сатылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ