2019-жылдын ноябрында Жогорку Кеңеште республикалык бүджетти кабыл алып жатканда, бажы жана салык процедураларын санариптештирүү жага фискалдаштыруу маселеси көтөрүлгөн. Бул тууралуу 13-январда премьер-министр М.Абылгазиев салык жана юажы төлөмдөрүн санариптештирүү боюнча Координациялык кеңештин жыйынында айтты.
Эң башкысы, мыйзамдын чегинде жеке ишкерлерибиз үчүн шарт түзүп беришибиз керек. Кээ бирлер көмүскө экномика 24%ды түзгөнүн айтса, башкалар 40% болгонун кеп кылышууда. Биздин милдет – экномиканы көмүскөдөн чыгарып, таза иштеген ишкерлерге шарт түзүп беришибиз керек. Таза эмес иштеген бизнестин бардыгын көмүскөдөн алып чыгалы”, -деди ал.
“Координациялык кеңеште бардык мамлекеттик органдарт катышууга милдеттүү, ошондой эле бизнес өкүлөрүнүн катышуусун да карайлы”, – деп кошумчалады ал.
Ошондой эле өкмөт башчы аталган кеңештин төрагалыгына экономика министри Санжар Мукамбетовду дайындоону сунуш кылды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ