Menu

Аида Салянова, экс-прокурор: “Айыпталуучу Асанэмир Абыкулов “каршы көрсөтмө бер” деп УКМКнын кызматкерлери ага басым жасагандарын ачык эле айтты”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-январда Биринчи май райондук сотунда экс-прокурор Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмү тууралуу иш боюнча сот отуруму болуп өттү. Эмки сот отуруму 16-январда уланат.

Бүгүнкү сот отурумунда айыпталуучулар Асанэмир Абыкулов менен Эрмек Осмонкулов жабырлануучу Аида Салянова же анын адвокаты менен сүйлөшүүнү каалап жатышканын билдирди.

Айыпталуучулар эмнени каалап жатканы боюнча Аида Салянова айтып берди. Анын айтымында, айыпталуучулар сотто жогорку кызматта иштеген айрым чиновниктердин атын атоого даяр экендиктерин билдирген. Айыпталуучу Асанэмир Абыкулов “каршы көрсөтмө бер” деп УКМКнын кызматкерлери ага басым жасагандарын жана каралоо боюнча бир медиатоп иштегенин ачык эле айткан.

Эске сата кетсек, 2017-жылы 6-ноябрда 42 жаштагы Улан Саляновду Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө беткапчан мыкаачылар кирип, атып кетишкен. Маркумдун өлүмү боюнча ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту 2018-жылы сентябрда карай баштаган. ИИМ бул кылмыш иши боюнча үч киши – Эрмек Осмонкулов, Асанэмир Абыкулов жана Заур Насруллаев шек саналып жатканын жарыялаган. Осмонкулов 2017-жылдын 27-декабрында Бишкектен кармалган. Абыкулов Москвадан май айында кармалып, Бишкекке жеткирилген. Үчүнчү шектүү, орус жараны Насруллаев 2018-жылы, августта Екатеринбург шаарынан кармалган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: