Menu

Кыргыз-тажик чек арасында болгон окуядан кийин Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Сухроб Олимзода иштен алынды

Бөлүшүү:

Кыргыз-тажик чек арасындагы болгон окуядан кийин Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Сухроб Олимзода кызматынан четтетилди. Бул тууралуу Тажикстандын президентинин маалымат кызматы бүгүн, 13-январда билдирди.

Алардын маалыматына таянсак, тиешелүү Жарлыкка президент Эмомали Рахмон кол койгон, анын негизинде Сухроб Олимзода Тажикстандын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулган. Анын ордуна Тажикстандын Казакстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп жаткан Назирмад Ализода дайындалган.

Эске сала кетсек, 10-январга караган түнү Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган. Андан улам, Көк-Таш айылындагы аялдар менен балдар коопсуздук жайга (мектепке) жайгаштырылган.

Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын элчилигинин өкүлүн чакырып, нааразылык нотасын тапшырган. Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы чатакка кыргыз тарапты күнөөлөгөн маалымат тараткан. Кыргызстандын чек арачылары ал маалыматты четке каккан. Бул чатакты жөнгө салуу үчүн эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон 11-январда телефон аркылуу сүйлөшкөн. Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт өкүлдөрү эртең, 14-январда жолугуп, маселени талкуулашмакчы.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: