“Бала желген” деп социалдык тармактарга тарап, элди дүрбөлөңгө салган видео жана үрөйдү учурган сүрөт калп, чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүнүн басма сөз кызматы бүгүн, 13-январда билдирди.
Эске сала кетсек, буга чейин социалдык тармактарда тоодо аялдар ыйлап, кыргыз тилинде нааразы болуп сүйлөгөн видео тараган. Анда “кытайлар жеген балдар табылды” деген сөзгө басым жасалат. Аны уккан, сүрөттөрүн көргөн коомчулук дүрбөлөңгө түшүп, катуу талкуулап жаткан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ