Бишкек шаарында жеңил машина жөө кетип бараткан адамды сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, окуя 11-январда, Бишкектеги Боронбаева менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Белгисиз айдоочу 1983-жылы туулган К.А.ны сүзүп, качып кеткен. Жабырлануучу Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жеткирилген. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, качып кеткен 1963-жылы туулган М.А. аттуу айдоочу кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ