Menu

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки өлкөнүн делегациялары жолугат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-январда, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана бардык күч түзүмдөрүнүн, укук коргоо органдарынын жетекчилеринин катышуусунда эки өлкөнүн делегацияларынын жолугушуусу болот.  Бул тууралуу вице-пермьер-министрдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, жолугушууда коопсуздук, чек аранын татаал тилкесинде коомдук тартипти сактоо маселелери талкууланат.

Эске сала кетсек, 10-январга караган түнү Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган. Андан улам, Көк-Таш айылындагы аялдар менен балдар коопсуздук жайга (мектепке) жайгаштырылган.

Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын элчилигинин өкүлүн чакырып, нааразылык нотасын тапшырган. Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы чатакка кыргыз тарапты күнөөлөгөн маалымат тараткан. Кыргызстандын чек арачылары ал маалыматты четке каккан.

11-январда, бул маселени жөнгө салуу үчүн эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Кечээ, 13-январда ыргыз-тажик чек арасындагы болгон окуядан кийин, Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Сухроб Олимзода кызматынан бошотулду.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: